Орусиянын президенти Владимир Путин Зимбабвенин лидери Эммерсон Мнангагвага Ми-38 президенттик тик учак белек кылды. Мындай маалымат Зимбабвенин маалымат министрлигинин басма сөз кызматынын твиттердеги баракчасында жарыяланды.
Министрлик тик учак жакында Зимбабвеге жеткирилерин белгиледи.
"Путин президент Эммерсон Мнангагвага президенттик тик учакты белекке берди. Тик учак жакында Зимбабвеге жеткирилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Февраль айында Беларустун президенти Александр Лукашенко Зимбабвеге болгон иш сапарынын алкагында бул өлкөнүн лидери Эммерсон Мнангагвага трактор белекке берген. Трактор Африка мамлекетинин башчысынын жеке көмөкчү чарбасы үчүн берилген.