WhatsApp командасы видео билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн жаңы функциясын ишке киргизди

WhatsApp мессенжеринин командасы видео билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн жаңы функциясын ишке киргизгенин жарыялады. Бл тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, WhatsApp мессенжерин колдонуучулары кыскача жеке видеолорду жаздырып, түздөн-түз кат алышууда жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Видео билдирүүлөр 60 секунд менен чектелген.

"Видео билдирүү жөнөтүү үн билдирүү жөнөтүү сыяктуу оңой. Видео режимине өтүү үчүн "видео" баскычты басыңыз, андан кийин видеого тартуу үчүн аны басып туруңуз. Видео билдирүү жазуу үчүн баскычты кармабай туруп эле өйдө сүрүп коюңуз. Башка бирөөгө биздин видео билдирүүбүз барганда автоматтык түрдө үнү жок ачылат. Үнүн угуу үчүн "үн" баскычын басып коюу керек”, - деп айтылат мессенджердин корпоративдик блогунда.

"Биз бул функцияны ишке ашыра баштадык жана жакынкы апталарда ал бардык WhatsApp колдонуучуларына жеткиликтүү болот", — дешти иштеп чыгуучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан