Израиль армиясы палестиналыктардын эгин талаасына цемент төгүштү (видео)

Израиль армиясынын кызматкерлери Хеврон шаарына жакын жердеги палестиналыктарды суу менен камсыз кылган суу булагына цемент куюшту. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, израиль күчтөрү Хеврондогу палестиналыктардын айдоо жерлеринде сугат ишин токтотуу үчүн суу булактарына цемент төккөн. Андагы суу булактары болжол менен 25 үй-бүлөнүн эгин талаасын суугаруу үчүн колдонулат.

Буга чейин палестиналыктар жашаган Хеврон жана Бетлехем шаарларына Израилдин "Мекорот" улуттук суу компаниясы суу берүүнү токтотконун Палестинанын Суу башкармалыгы билдирген. Башкармалык абанын температурасы жогорулап жаткан учурда суу берүүнү токтотууну кескин сындап, мындай аракетти “расисттик” деп атаган.

Ал эми Палестинанын Wafa маалымат агенттиги суу булагында эч кандай көйгөй болбогонун жана суу берүүнү токтотуу аракетин "расисттик саясатты күчөткөн дискриминациялык кыймыл"-деп билдирген.

"Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Газа тилкесинде жашаган палестиналыктар узак убакыттан бери суунун жетишсиздигинен жана кургакчылыктан жапа чегип келишет. Анткени аталган аймакты суу менен камсыздоосунун 80 пайызын Израиль көзөмөлдөйт", - деп жазды The New Arab басылмасы.

Белгилей кетсек, буга чейин израилдик "Бецелем" бейөкмөт уюму палестиналыктар күнүнө орто менен 82,4 литр керектесе, израилдиктер күнүнө 247 литр суу колдоно турганын жана бул палестиналыктарга салыштырмалуу 3 эсе көп экенин жазган.

Израиль армиясы палестиналыктардын эгин талаасына цемент төгүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан