Өлкөдө 2023-жылдын 6 айында 1 662 өрт катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, анын кесепетинен 19 адам каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9,5 пайызга азайган.
Ага ылайык, өрт кырсыгынан улам келтирилген материалдык чыгым 718 миллион 913 миң сомду түзүп, 3,2 эсеге көп болгон.