Ош шаарында 81 жаштагы карыя 5 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ош ШИИБинен маалымдады.
Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну Алмазбек Туратов атасы Бекен Туратов 23-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.
"Ош облустук ооруканасы тараптан кичи автобустан түшкөндөн кийин дайынсыз болуп жатат. Атам ал тарапка саат 13:20 чамасында келген", - деп билдирген ал.
Изделип жаткан жарандын жакындары Бекен Туратовду көргөн-билгендер болсо 0 772 577 574 номуруна билдирип коюуну өтүнөт.