Сириянын борбор калаасы Дамаскта бомба жүктөлгөн мотоцикл жарылды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя 26-июль күнү кечки саат 17:30 чамасында Дамасктын Сейиде Зейнеп аймагында болгон. Жарылуунун кесепетинен 6 адам каза болуп, 23 жаран жаракат алган. Жарылууну аталган өлкөнүн жергиликтүү телеканалдары түз эфир аркылуу көрсөтүшкөн.
Окуя болгон жерге полиция жана өрт өчүрүү топтору келишкен, "Тез жардам" кызматы дагы чакырылган.
Сириянын SANA агенттиги болсо азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек экенин билдирген. Ошондой эле басылма аталган аймакта бир нече террордук топтор бар экенин жазган.