Индияда уюлдук телефон сатып алуу үчүн 8 айлык ымыркайын саткан аял кармалды. Бул тууралуу IndiaTimes басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя Индиянын Батыш Бенгалия аймагында катталган. Анда Сати аттуу аял Instagram социалдык тармагы үчүн кызыктуу видео-роликтерди тартуу максатында iPhone 14 уюлдук телефонун алууну каалаган. Бирок акчасы жок болгондуктан, 8 айлык баласын сатып жиберген.
Окуя тууралуу алгач кошуналары билишкен. Алар каражат жагынан кыйналган үй-бүлөнүн кантип кымбат телефон сатып алганына кызыгып, аялдан сураган. Ал баласын сатып жибергенин, жадакалса күйөөсү 7 жаштагы кызын дагы сатууну пландап жатканын айткан.
Полиция кызматы бул боюнча баланын апасын жана ымыркайды сатып алган аялды кармаган. Ал эми баланын атасы бир нече күндөн бери издөөдө жүргөнү маалым болду.