Нигер президентинин барымтага алынышы: Төңкөрүшчүлөрдө орус желеги байкалды

Нигерде президент барымтага алынып, анын бийлиги кулатылгандан кийин жергиликтүү тургундар көчөлөргө чыгып, Орусияны болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө үндөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Нигердин президентин барымтага алгандардын жүздөгөн тарапкерлери Ниамейдин көчөлөрүнө чыгышты. Алар Францияны жана жалпысынан Батышты айыптап, Орусияны болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө чакырышты.

Учурда козголоң болуп жаткан бул Африка өлкөсү чек араларын жаап, коменданттык саат киргизди, конституцияны жокко чыгарды жана демократиялык институттарды токтотту.

Өз кезегинде Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель президентти тез арада бошотууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан