Өзүн Динара деп тааныштырган Орусиядагы мекендешибиз Москванын Биринчи май районунда полиция кызматкерлери көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей эле унаага күчтөп салып кетип жатканын бүгүн, 28-июлда билдирди. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда да тарап жатат.
Динаранын айтымында, окуя 26-июль күнү болгон.
"Биринчи май районунда полиция себепсиз эле мигранттарды кармап, унаага салып кетип жатат. Бул райондо 2012-жылдан бери жашайм. Полиция кызматкерлери нөшөрлөп жааган жамгырда мигранттарга орой мамиле кылып, бир топ убакытка чейин сыртта кармап турушту. Жаш балдарды деле, чоңдорун деле тизип, дубинка менен сабап жаткандарына күбө болдук. Айрым мигранттардын үйлөрдүн чатырында жашынып турганын, кээ бири качып баратып, жыгылып, жаракат алганын көрдүк", - деди ал.
Ошондой эле мекендешибиз миграциялык каттоого туруу дагы деле негизги маселе бойдон калып жатканын айтты.
"Мигранттар акыркы бир жарым жылдан бери аябай эле азап тартып жатышат. Диаспора жакшы иштебейт, каттооң базада болсо деле базада жоксуңар дей беришет. Базада жок болсоң 5000 рубль беришиң керек, туугандарымдын көбү ушундай кылышат. Бул акча деле оңой акча эмес да. Ансыз деле документ жасатуу арзанга турбайт", - деди ал.
Азырынча бул тууралуу ТИМ, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маалымат бере элек