Бүгүн, 28-июлда Чүй облусунун Лебединовка аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 28-июлда саат 10:00 чамасында Бишкек-Кант унаа жолунун 14-чакырымында катталган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу прицеби менен жол чыракка карабастан Тойота RV-4 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
"КамАЗ үлгүсүндөгү унаасы прицеби менен күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып жол чыракка баш ийбей өтүп бара жаткан учурда Заречная көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Тойота RV-4 үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн"-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкармалык кырсыктын кесепетинен КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын 1989-жылы туулган Д.Э.К аттуу айдоочусу менен Тойота RV-4 унаасынын 1998-жылы туулган К.Д.Н аттуу айдоочусу Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылганын билдирди.