Карим Бензема "Аль-Иттихад" клубу үчүн дебюттук голун киргизди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.
"Аль-Иттихад" бүгүн, 28-июлда тунистик "Эсперанс" клубу менен күч сынашты. Аравиялык чемпион клубдар арасындагы кубоктун алкагында болуп өткөн беттеш 1-2 эсебинде "Аль-Иттихаддын" жеңиши менен аяктады. Жаңы командасы менен алгачкы ирет талаа үстүнө чыккан Карим Бензема беттештин 35-мүнөтүндө өнөктөшү Абдерразак Хамдаллага голдук пас өткөрүп берди. Ал эми 55-мүнөттө алыскы аралыктан сокку узатып, дебюттук голун киргизди.
35 жаштагы франциялык чабуулчу "Аль-Иттихад" клубуна испаниялык "Реал Мадридден" келген. Ал 2022-жылдагы "Алтын топ" сыйлыгынын жеңүүчүсү.