Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды

Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, Кыргыз транспорттук жана Ош облустук прокуратурасынын жумушчу тобу тарабынан асфальтбетондук төшөөнү орнотууда мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлгөн.

Кыргызавтожол” ишканасынын №21 жол тейлөө ишканансынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана В.С.Л. ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, мамлекетке жалпы 2 миллион 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан