Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бузуу иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана вице-мэр Нурдан Орунтаевдин катышуусунда жүргүзүлүүдө.
Социалдык тармактарга тараган маалыматка караганда, Байтик Баатыр көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жаткан маалда экс-мэр Иса Өмүркулов жерине келип, имаратын бузбоону суранган. Бирок ага Нурдан Орунтаев макул болгон эмес.
Белгилей кетсек, Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.