Конго Демократиялык Республикасы Руанданы анын аймагына басып кирди деп айыптады. Мындай маалымат Конго Демократиялык Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Конго армиясы Руанданын Коргоо күчтөрү чек ара коопсуздугуна кол салып, Конгонун чек арасын кесип өткөнүн билдирди.
"Чек араларды коргоого жооптуу жана окуя болгон жерге жөнөтүлгөн Конго Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү Руанда армиясынын чабуулуна кабылды. Андан соң Конго Куралдуу Күчтөрү кабыл алынгыс чагымчылдык жасаган руандалык террорчуларга туруштук берип, андан соң өз өлкөсүнө чегинди", - деп айтылат билдирүүдө.
Аскерлердин саны азырынча белгисиз, кагылышуу учурунда мүмкүн болгон жоготуулар тууралуу маалымат жок.
Конго Демократиялык Республикасы менен Руанданын мамилеси 1994-жылы Руандадагы геноцидден кийин чыңалып келет.