Бүгүн, 28-июлда ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын алты айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Анда министр Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, бардык жетекчилерге милиция менен жарандардын ортосундагы өнөктөштүктү жана өз-ара түшүнүү мамилени жакшыртуу үчүн сабаттуу сүйлөгөн, өзүн татыктуу алып жүргөн, сабырдуулукту сактаган, мыйзамдарды так билген кызматкерлерди даярдоону тапшырды.
"Биздин кызматкерлердин арасында антка бекем турган, ар намысын эч нерсеге алмаштырбаган кесипкөй адистер арбын. Дал ушундай кызматкерлер башкаларга, айрыкча жаштарга үлгү болуп жүрүшөт десем жаңылышпайм. Алардын арасында, эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөн кызматкерлер да бар, бирок алардын аттарын коомубуз биле бербейт. Андыктан, милициянын ишин пропагандалоо, кесиптин баркын жогорулатуу боюнча жумуштарды алып барыңыздар. Милициянын ишмердиги элге арналган, бирок жеке жашоо шарттарын жакшыртууга да өтө чоң көңүл бурулуп жаткандыгы калкыбызга кабарланып турсун", - деди министр.
Ошондой эле ал жер-жерде эл менен жолугушуулар тынымсыз уюштурулуп, эл менен жакындан иштөө керектигин кошумчалады.
"Жер-жерде эл менен жолугушуулар тынымсыз жүргүзүлсүн. Бул багытты өзүм жеке көзөмөлгө алам. Ар бир райондо милициянын көчмө кабылдамалары бар. Ал унаалар менен участокторго чыгып, айыл өкмөттөргө барып, эмне маселе бар экенин угуп, элге жолугуп, көйгөйлөрдү жеринде карап, кызматкерлердин иштөө шарттарын текшерип, жеринде баа берүү чараларын жүргүзүңүздөр. Эл милицияга эмес, милиция элге барып, эмне маселе бар экенин сурап, билип, ага жараша жеринде жардам берүүгө милдеттүү”,-деди Ниязбеков.
Кийинки коллегияда калк менен жолугушуулардын сапатын, элдин тигил же бул маселесин жеринде чечүүгө көмөктөшүү чаралары каралмай болду.