Сингапур бийлиги 20 жылдан бери биринчи жолу аялды өлүм жазасына тартты

Сингапурдун бийлиги дээрлик 20 жылдан бери биринчи жолу баңги аткезчилиги үчүн соттолгон аялды өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Саридеви Жамани аттуу аял киши 2018-жылы 30 граммга жакын героин сатканы үчүн өлүм жазасына кесилген. Аны өлүм жазасына тартуу иши бүгүн, 28-июлда аткарылды.

Сот аялдын апелляциялык арызын канааттандырган эмес, анын өлкө президентине ырайым кылуу өтүнүчү да канааттандырылган эмес.

Дарга асуу укук коргоочулардын активдүү нааразычылыгына карабай ишке ашты.

Акыркы жолу Сингапурда аялга өлүм жазасы 2004-жылы колдонулган. Анда 36 жаштагы чач тарачта иштеген аял баңгизат ташыгандыгы үчүн дарга асылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан