"Бишкекте мектептерде бомба бар" деп жалган маалымат тараткан окуучу кармалды

Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалганын бүгүн, 28-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдады.

Ага ылайык, УКМК жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат тараткан жаран аныкталды.

"Кармалган шектүү мектептердин биринин 9-классынын жашы жете элек окуучусу А.А.А. болуп чыкты. Ал бейбаштык кылып Бишкек шаарынын гимназия мектебинин электрондук дарегине фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

А.А.А. өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видео оюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анын жашаган жеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Учурда Бишкектеги башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына А.А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан