Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында профессионалдык боксчу жана 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Анда мамлекет башчысы спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгиледи. Президент эми боксту жакшы билген ар бир кыргызстандык анын жеңиштерине кубанып, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерде анын мындан аркы жеңиштерине ишенерин кошумчалады. Ошондой эле ал Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгып, 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү.
Мушкер эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунун медалын жеңип алды. Бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 1-14-майында Ташкент шаарында өткөн.
Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында 1/32 финалдык баскычтан баштап, Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика жана Тажикстандын спортчуларын катары менен утуп, төрт жеңишке жетишкен. Ал жарым финалда Өзбекстандын спортчусу менен беттешкен. Мунарбек Сейитбек уулу андан жеңилип, коло медалдын ээси болгон.