Бишкек мэриясы заманбап базар курууга өнөктөш издеп жатат

Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаарга заманбап базар курууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, базарды калаанын Хвойная көчөсү, 70 дарегине куруу пландалган. Болжолдонгон жер тилкесинин аянты 7,47 гектар, долбоордун мөөнөтү 25 жылга чейин. Жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнөт.
Квалификациялык тандоого билдирме жана ага тиркелген документтери менен конверт Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же курьердик кызмат, почта аркылуу кабыл алынат. Сунуштарды 16-августка чейин жөнөтсө болот.
Тиешелүү суроолор боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрылуу сунушталат: Исанов көчөсү, 87, 3-кабат, 310-кабинет, телефону: +996 (312) 61-11-29. Же болбосо мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылыңыз: Чокморов көчөсү, 246, телефону +996 (312) 45-41-13.
Кененирээк маалымат бул жерде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан