"Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-мартта "Аламүдүн" станциясына Грузиядан 2017-жылы чыгарылган Toyota Rav 4 үлгүсүндөгү унаа алынып келип, убактылуу сактоо документи ачылган.
"Унаа убактылуу сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде (4 ай) бажылык тариздөөдөн өткөн эмес. Убактылуу сактоо кампасынын текшергенде ал унаа жок болуп чыккан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.У. аттуу жаран бажы көзөмөлүндө турган унааны алып чыгып, тариздөөсүз үчүнчү жакка сатып жибергени аныкталды. Бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма 221 миң 480 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.