Акын, журналист, окутуучу Гүлзада Станалиеванын "Иңир" аттуу ыр китеби жарык көрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы барачасына жазды.
Станалиеванын буга чейин илимий жана окуу китептери да чыккан. Анын бул ыр жыйнагында адам тагдыры, ошол тагдырдагы адамдын көргөн кубаныч-кайгысы, сүйүүсү, бактысы тууралуу ойлору камтылган.
"Жан дүйнөнүн китебин жарыкка чыгаруунун кубанычы менен толкуну башка болот экен. Китептин жасалгасына да, сүрөттөрүнө да, мукабасына да, алтургай кагазына да өтө маани берип атып, басылышы көпкө созулду. Анткен менен бул бөтөнчө рахат берген өтө таттуу "түйшүк» болду", - деп жазды Станалиева.
Акындын "Иңир" ырлар жыйнагы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан "Сонун го" китеп дүкөнүндө сатылат.