Бишкекте УКМКнын кызматкери өз батиринде киши колдуу каза тапканы айтылууда. Милициянын маалыматы

Бишкектин Жал кичи районунда УКМКнын кызматкери өз батиринде киши колдуу каза болгону айтылууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайты бүгүн, 29-июлда өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Ленин РИИБинин басма сөз кызматы чакырууга барган Тез жардам аялдын каза болгонун жана денесиндеги жаракаттарды аныктаганын билдирди. Ага шектүү катары 32 жаштагы эркек киши кармалган.

"28-июль күнү саат 21:40 чамасында “102” кызматына “Жал” кичирайонунда “Тез жардам” келгенге чейин аял каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Ленин РИИБинин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барган. Каза болгон 1983-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран. Текшерүү учурунда денесинен жаракаттар табылган", - деп билдирди Ленин РИИБинен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Р.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Kaktus.media сайты өзүнүн маалымат булактарына таянып, маркум аял УКМКнын, ал эми кармалган эркек киши ИИМдин кызматкери экендигин, алар чогуу жашаганын, ошондой эле окуя болгон учурда үйдө аялдын жашы жете элек баласы болгондугун жазды.

Ал эми Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кармалган жаран ИИМдин кызматкери деген маалыматты четке какты. Ошондой эле учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы, бардык керектүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан