30-июлга карата аба ырайы

30-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Бишкекте түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан