Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова үй камагына чыкты. Маалыматты бүгүн, 29-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан ырастады.
Ага ылайык, соттун 28-июлдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылды.
"Айыпталуучулар К.Е.А. жана В.А.Иге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы 22-августка чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча айыпталуучу К.Е.А. 12 миллион сом, ал эми айыпталуучу В.А.Иден 1,5 миллион сом материалдык чыгым өндүрүлгөн. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 18-майда Елена Калашникова менен анын орун басары Александр Валитов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аларга карата фондго бюджеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган деген айып коюлган.