Ысык-Көлдө эс алуучуларды сүйрөп жүргөн катер сууга чөгүп кетти

Бүгүн, 29-июлда Ысык-Көлдө эс алуучуларды сүйрөп жүргөн катер сууга оодарылып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Пристань-Пржевальск айылындагы көл жээгинде "банан" үйлөмө баллонун сүйрөп бара жаткан катер ала салып, көлгө чөгүп кеткени, баллондо отурган 5 эс алуучу көлдүн жээгине сүзүп чыгышканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөгөн.

"Саат 13:50 чамаларында катердин ээси 37 жаштагы Б.А. эс алуучуларды баллон менен көлдүн үстүнөн сейилдетип бара жатып, кайыгын чукул буруп жиберген, натыйжада катер ала салып кеткен. Катердин ээсин жана беш эс алуучуну суу транспортунун башка ээлери көлдүн жээгине алып келишкен. Жабыркагандар жок жана эс алуучулар арыз жазуудан баш тартышты. Бардык эс алуучулар жана катердин айдоочусу куткаруучу жилет кийип жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда суу катеринин ээси тарабынан суу аттракционун камсыз кылуу боюнча тийиштүү уруксат документтеринин бар-жогун текшерүү улантылып жатканы кошумчаланды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-07-30 10:00:00
Негизи ушул банан дегенди алып салышса деле болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан