Бүгүн, 30-июлда Орусиянын Владивасток шаарында күрөш боюнча "Поддубный лигасы" турнири өтүүдө.
Турнирдеги негизги беттештердин биринде кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова орусиялык Алина Касабиева менен кез келип, 6:4 эсебинде жеңилип калды.
Балбандар буга чейин Будапештте өткөн рейтингдик мелдеште кез келишкен. Анда Айсулуу Тыныбекова атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңиш менен утуп алган.
Алина Касабиева 22 жашта. Ал жаштар арасындагы Европа жана Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Ошондой эле "Поддубный лигасынын" 4 жолку жеңүүчүсү.