
Ош мэриясы муниципалдык жана айыл аймактык башкармалыктар арасында "Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалык" аталышындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, сынак Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өтөт. Ага Ош шаарынын муниципалдык жана айыл аймактык башкармалыктар катыша алат. Жарыштын жыйынтыгы 23-сентябрда чыгарылат.
- Башкармалыктардын аймагында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштерин жүргүзүү;
- Аймактардын көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактардын сабаттуулугун талдоо;
- Муниципалдык аймакта жайгашкан менчиктин бардык формаларындагы мекеме-ишканалар жана уюмдар керектөөчүлөрдү тейлөөчүлөрдүн мамлекеттик тилде иш алып баруусун көзөмөлдөө;
- Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган жарнамалардын жасалгасына ылайык келтирүүнү камсыздоо.