Марокколук Нухайла Бензина футбол боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугунун беттешине хиджаб кийген тарыхта биринчи аял болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, ал Австралиянын Аделаида шаарында өткөн "H" тайпасынын экинчи айлампасында Түштүк Корея менен беттеште оюн көргөздү.
Марокко 6-мүнөттө Ибтиссам Джраидинин голунун аркасында 1:0 эсебинде жеңишке жетти.
"ФИФА 2012-жылы хиджаб кийүүгө тыюуну алып салуу чечимин кабыл алган жана эрежелерге 2014-жылы тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Марокко курама командасы дүйнөлүк чемпиондукка чыга алган Араб жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн ичинен биринчи команда болуп калды", - деп айтылат маалыматта.