Өлкөдө алты айда жумуш боюнча жарманкелерге 19 миңден ашык адам катышты

Өлкө аймагында жыл башынан бери бош иш орун жарманкелерине 19 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан республиканын бардык облустарында жана шаарларында жаштар жана жумушсуз жарандар үчүн бош орундардын жарманкелери уюштурулган. Анда жарманкелерге 19 миңден ашык адам катышты. Ал эми миңден ашык иш берүүчү 25 миңге жакын бош орундарды тапшырды.

Ага ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары тарабынан ишке орноштуруу жана кесипке үйрөтүү боюнча консультациялар, мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү боюнча тесттер уюштурулуп, алардын кайсыл тармакта кесипти тандоо керектигин жакшыраак түшүнүүсүнө шарт түзүлдү.

"Бош орундардын жарманкесинин ар бир алтынчы катышуучусу жумушка орношту же жумушка орношуу үчүн жолдомо алды.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга азайды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан