Пакистанда митинг учурундагы жардыруудан 44 адам каза тапты

Пакистанда "Жамиат Улема Ислам-Фазл" (JUI-F) исламчыл партиясынын митинги учурунда жардыруу болуп, 44 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жардыруу аталган партиянын шайлоо алдындагы эл менен жолугушуусу учурунда болгон. Анын кесепетинен 44 адам каза болуп, 200дөй жарандын жаракат алганы айтылууда.

BBC маалымат агенттигинин маалыматына караганда, полиция кызматы жардыруунун жанкечти тарабынан уюштурулганын аныктаган.

Пакистандын жергиликтүү басылмалары жабыр тарткандар 200дөй болгону менен алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтышууда. Себеби митингге 500дөн ашык жаран катышкан. Ошондой эле жабыркагандардын мындай агымына туруштук берүүгө жергиликтүү ооруканада керебеттер менен дарыгерлер жетишпей жатканы жана айрымдары коридордо жардам күтүп жатышканы кабарланды.

Ошондой эле жардыруудан аталган партиянын аймактык лидери Маулана Зияулла каза тапты, себеби ал тарапкерлерине сөз сүйлөп жаткан учурда жардыруу болгон.

Белгилей кетсек, "Жамиат Улема Ислам-Фазл" диний саясий партиясы Пакистан парламентиндеги өкмөттүк коалициянын бир бөлүгү болуп саналат. Жардыруу Хар шаарында аталган партиянын ушул жылдын күзүндө боло турган өлкөдөгү жалпы парламенттик шайлоонун алдындагы митинги учурунда уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан