Екатеринбургда өткөн эл аралык бильярд боюнча турнирде кыргызстандык спортчу Азиз Мадаминов күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу кечээ, 30-июлда Public club Billiards ютуб каналында түз алып көрсөтүлдү.
Белгиленгендей, "Екатеринбург башчысынын кубогу" эл аралык бильярд боюнча турнири аяктады. Ага Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан 63 динамикалык пирамида чеберлери катышты.
Кыргызстандык Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп калды. Спортчу күмүш медаль тагынып, 400 миң рубль акчалай сыйлык алды.
Турнирдин байге фонду 2,8 миллион рублду түзөт.