Биз социалдык тармакта

Өткөн аптада 248 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды

Кыргызстанда акыркы жумада 20 миң 326 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 229;

мас абалында рулга отуруу - 248;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 51;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 548;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 162;

автоээнбаштык - 7;

белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 710;

жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 6;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9366.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 350 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан