Чүйдө Казакстандан аткезчилик жол менен унаа алып келе жаткан жаран кармалды

Чүй облусунда Кыргызстанга аткезчилик жол менен унаа алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу, бүгүн, 31-июлда Чүйдүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Панфилов районуна караштуу казак-кыргыз чек арасындагы “Чалдабар” өткөрмө пунктунда Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан Хонда Степваген үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын номери жана айдоочунун күбөлүгү жасалма экендиги, унаа аткезчилик жол менен алынып келе жатканы аныкталган.

Буга байланыштуу 1997-жылы туулган унаанын айдоочусу Ж.Р. Панфилов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени, ал эми унаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилгени айтылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан