Ырчы Илгиз Абдалиев экинчи ирет уулдуу болду

Белгилүү ырчы Илгиз Абдалиев менен жубайы Назима Муратбекова экинчи ирет уулдуу болушту. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасында билдиришти.

Анда жубайлар чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөшүп, кубанычы менен бөлүшкөн.

"Кош келдиң, уулум. 30-июль күнү саат 19:40да жолдошум экөөбүз экинчи уулубузду тосуп алдык. Атасы киндигин кесип, дуба кылып, каалоо-тилек айтты. Ар бир үй-бүлөгө ушундай кут берсин. Ууул берсин, кыз берсин. Ар бир үйдө наристе үнү жаңырсын"- деп билдирүү калтырган Муратбекова.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 2019-жылы баш кошушуп, 2021-жылы 9-майда Инсар аттуу уулдуу болушкан.

Илгиз Абдалиев "Сүйкүм сүйүүм ай", "Апакем", "Кыргызда болсун дагы той", "Гүлдөй, гүлдөй", "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим", "Саманчынын жолу" жана башка ырларды аткарып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан