"Букмекердик оюнга азгырылып". Казакстанда банктан 1,4 миллион доллар уурдаган кассир кармалды

Казакстанда 600 миллион теңгеден (1,4 миллион доллар) ашык акча уурдаган банк кызматкери кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кызылорда облусунун банк кызматкери 3 жылдан бери банктын кассасынан 1 миллиондон 4 миллион теңгеге чейин уурдап келген. Ал бул аралыкта кассадан 602,9 миллион теңге алууга жетишкен.

Кассирдин кылмышы банктын ячейкасындагы акча каражаттарын текшерүү учурунда 602,9 миллион теңге жетишсиздиги аныкталганда белгилүү болгон. Ошондой эле банк кызматкеринин бардык кылмышы видео камерага түшүп калган.

Сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө кассирдин 3 жарым жылдан бери букмекердик конторага 158 миллион теңге которгону аныкталган.

Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-07-31 17:20:00
Макаланарды тууралап жазып койгула 1.4миллион доллар деп эле 1миллиондон 4миллион тенгеге чейин алып келген жалпы сумма 602 миллион тенге деп жазыпсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан