Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө

Ысык-Көлгө эс алууга келген жарандардын коопсуздугу милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө жайкы эс алууга келген туристтердин, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кайгуул иштерин жүргүзүп жатышат.

Ага ылайык, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, жарандарга сылык мамиле жасоо, жүрүм-турум сактоо боюнча саптык нускамаларда өткөрүлдү. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмалар коюлду.

"29-30-июль күндөрү "Алтын Балалык", "Ала-Тоо","Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайларында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин ишине жарандарыбыз ыраазы болушуп, алкыштарын айтышты", -деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан