Кытайда катталган тайфундан улам 150 миң адам эвакуацияланды 

Кытайдын Фуцзянь провинциясынын 150 миңге жакын тургуну "Доксури" тайфунунан улам эвакуацияланды. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам келтирилген чыгым 425 миллион долларды түзөт.

"Доксури" тайфунунан 1,45 миллион адам жабыркады. Натыйжада 3,053 миллиард юандык экономикалык жоготуулар болду"- деп айтылат маалыматта.

Аталган провинциянын сел жана кургакчылык менен күрөшүү штабынын маалыматы боюнча тайфундан улам 90 үй урап, 346дан ашык имарат зыянга учураган. 456,6 гектар эгин менен 10,8 миң гектар аянттагы үрүн жок кылынган. Ошондой эле Кытайдын 12ден ашык провинциясында дагы катуу жаандын жаашы мүмкүн экени кабарланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Филиппин дагы "Доксури" тайфунунан жапа чеккен. Анда 13 адам каза болуп, 20 жаран дайынсыз жоголгон. Жалпысынан тайфундан өлкөдө 500 миңдей адам жабыркаган. 30 миңге жакын эвакуацияланган тургундардын дагы деле убактылуу баш калкалоочу жайларда экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан