Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин боюндагы батыш кире бериш зонасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, долбоорлоо объектиси Дэн Сяопин проспектисинин боюнда, шаардын чек арасынан 1400-1500 метр аралыкта, Б. Алыкулов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки аймак болду.

Ага ылайык, проспектини бойлой түштүк тарабында тротуарлар төшөлүп, ага веложолдор түшүрүлдү. Ю. Фучик көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейин өткөн веложол Б. Алыкулов көчөсүнө чейин уланышы керек. Ошондой эле улуттук тематиканын элементтери менен чакан архитектуралык формаларды жайгаштыруу пландаштырылууда.

Ал эми шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн жашыл аянттары бар аллеяларды, ыңгайлуу отургучтар менен жабдылган гүлзарларды жана кечки убакта бардык аймактр архитектуралык-көркөм жарыктандыруу менен аллеяларды куруу пландаштырылууда.

"Учурда кызматтар тротуар плиталарын, жөө жүрүүчүлөр үчүн асфальт төшөөнү жана тротуарды төшөөнү аяктап жатышат. Аны менен бирге, эксклюзивдүү отургучтарды жана жарыктандырууну орнотуу иштери аяктоодо.

Мындан тышкары, бул участоктогу чакан архитектуралык формалар Кытайдын архитектуралык жана ландшафттык дизайн салттарын эске алуу менен “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан атайын иштелип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, проспект Кытайдын көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери, экономикалык реформалардын демилгечиси Дэн Сяопиндин атынан аталган.