Өлкөдө жарым жыл ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жалпы 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6 айында Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча 22 кылмыш иши козголду.
Алардын ичинен:
- Ош облусу - 7;
- Чүй облусу - 6;
- Баткен облусу - 3;
- Жалал-Абад облусу - 3;
- Бишкек - 2;
- Ысык-Көл облусу - 1.