Ошто дайынсыз болуп жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылды

29-июль күнү Ош шаарында дайынсыз болуп жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 29-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө азият улутундагы жашы 55-60 курактагы эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Окуя болгон жерге ыкчам-тергɵɵ тобу чыгып, жашы болжол менен 55-60 курактагы эркек адамдын жансыз денесин табышкан.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнө эмне себеп болгондугу боюнча ички изилдөө жүргүзүлдү. Кийин каза болгон адам 81 жаштагы Б.Т. экендиги аныкталды", - деп билдиришти милициядан.

Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну Алмазбек Туратов атасы Бекен Туратов 23-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан