Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү (видео)

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, эртең, 2-августта саат 16:00дөн кийин унаа кыймылына коюлган чектөө алынат.

"Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт төшөлөт. Жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин жана анын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат. Мындай учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

6-августка чейин жол толугу менен ачылат", - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Төө-Ашуудагы тоннель 26-июндан тарта күнүнө 10 саатка чейин жабылып турары кабарланган.

Видео: Элнура Нурдин кызы

видео
видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-01 12:51:00
Кана ортодогу сызык?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан