Кийинки жумада Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө 10 саатка чейин жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алдыдагы аптада тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.
"Учурда тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, чырактар орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, бетон плиталарды алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды. Министр Тилек Текебаев жаңы асфальттоону 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жолдун жабылуу убактысы кийинчирээк айтыларын кошумчалады.