Өлкөдө унааны кайра каттоодо ОСАГОну милдеттүү түрдө киргизүү сунушталды

Унааны кайра каттоодо милдеттүү документтердин тизмесине милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) киргизүү сунушталды. Мындай маалымат Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтына жарыяланды.

"Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү мамлекеттик маанидеги окуя болуп саналат. Анткени бул оң натыйжаларды алып келет, полис алуу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салып, транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет. Бүгүнкү күндө ОСАГО камсыздандыруу полисин алуунун кыйыр механизмдерин колдонуу зарылчылыгы бар", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3 миң сомдон айып пул салынары кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat-123
2023-08-01 12:49:00
Ким сунуштаган болсо ошол өзүнүн унаасына киргизе берсин, ар кайсы шылтоолорду айтып элди тоногонду токтоткула, андан көрө жолдорду кеңейтип разметкаларды убагында сызып, иштебей жаткан белги шамдарды жакшына иштетип койгула
+1
Саман
2023-08-01 15:08:00
Көк меелер страховканын пайдасы канчалык жакшы жактары бар экенин билсенер экен?
-1
Azat-123
2023-08-01 19:01:00
сенин анча-мынча көк мээ МАИ кызматкерлериң аны туура чечип беришти билбейт, баягы эле акчасы көптүн кулу болушат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан