ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районунун тургуну 3 күндөн бери суу чыкпай жатканын айтты 

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун борборунда 3 күндөн бери суу чыкпай жатат. Бул тууралуу тургун бүгүн, 1-августта ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

"Райондун борборунда 3 күндөн бери суу жок. Жер үйдөгүлөрдүн да, көп кабаттуу үйдө жашагандардын да суусу чыкпай жатат. Суу чыкканы менен кир, ылай болуп жатат. Ал дагы улам өчүп, токтоп чыгат. Идиш жана кир жууганга жарабайт. Эч ким эскертүү берген эмес, качан тазаланып, качан таза суу чыгарын билбейбиз. Сууну дүкөндөн сатып алып ичип жатабыз. Кафелерге барсаң да суу жок деп чай бербей жатышат", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан