Исландияда Фаградальсфьядль жанар тоосу үч жумадан бери атылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жанар тоонун очогу өлкөнүн борбору Рейкьявиктен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Учурда жанар тоонун активдүүлүгү өлкөнүн ичиндеги маанилүү инфраструктурага жана аба кыймылына эч кандай таасирин тийгизбей турганы айтылууда. Себеби буга чейин 2010-жылы Исландияда жанар тоолордун биринин атылуусунан Батыш Европадагы дээрлик бардык аба кыймылы токтотулган болчу.
Исландия бийлиги жарандарды жанар тоого жакын аймакта жанар тоо газдары чогулуп калышы мүмкүн деп түшүндүрүп, окуя болгон жерге барбоого чакырууда.
Белгилей кетсек, Фаградальсфьядль жанар тоосу акыркы үч жылда үчүнчү жолу атылып жатат. Жанар тоо акыркы жолу 10-июлда атылган, ага чейин өткөн жылдын августунда жана 2021-жылдын сентябрында активдешкен. Фаградальсфьядль жанар тоосу 2021-жылга чейин 800 жыл бою "активдүү эмес" фазада болгон.