Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелде бүгүн, 2-августта саат 16:00дө оңдоо иштерине байланыштуу коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми тоннелдин фасадын көрктөндүрүү иштери башталат, ал учурда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлик тоннель 26-июлдан 6-августка чейин күнүгө 10 саат жабылып турарын билдирген.