Бишкектеги Фучик-Месарош көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаанын айдоочусуна арматура менен кол салууга аракет кылган жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Жол кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, инспекторлор тарабынан аталган айдоочунун аты-жөнү такталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгү жана 192-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлдү. Анда айдоочуга жалпы 16 миң сом айып салынып, унаасы айып короосуна токтотулду.
Мындан тышкары жол инспекторлору айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эске салсак, 10-июлда Бишкекте жол талашкан фуранын айдоочусу жеңил унаанын ээсине арматура менен кол салууга аракеттенген учурдун видеосу тараган.