Судья кызматтан кеткен окуя: Кылмышка шектүү кайра кармалды  

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда зордуктоого шектелген жарандын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнүн аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу беренелерине которулган (154-берене 3-пункт).

"Б.Р.Б.га карата колдонулган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, ал 27-сентябрга чейин камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Анда кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкканы айтылган.

Андан көп өтпөй Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 1-августта коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөргөн. Анын жыйынтыгында зордуктоого шек саналган адамды үй камагына чыгарган райондук соттун судьясы Абдисалам Мойдунов арыз жазып, кызматтан кеткени маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан