Зордуктоого шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматынан кетти

Зордуктоого шектелген жаранды үй камагына чыгарган судья кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун судьясы Абдисалам Мойдунов кызматтан кетти.

"1-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ак-Суу райондук сотунун судьясы Мойдуновдун айыпталуучуну эркиндикке чыгарган иш-аракеттерине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Жыйынтыгында судья өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Судьянын өтүнүчү Соттор кеңешине жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Анда кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкканы айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан