Бишкекте өспүрүмдөргө кол салгандар кармалды

Бишкекте өспүрүмдөргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Бишкекте жана Чүй облусунда мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан улутчулдардын жашыруун тобу иштеп жатканын, аларды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жатканын билдирди. Улутчул топтун мүчөлөрү өз басылмаларында фашисттик символиканы колдонушат.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалган. Алар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б., Н.Р. жана С.Г. аттуу жарандар экени белгилүү болду.

Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин көрсөткөн буюм далилдери алынган.

Учурда көмүскө улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар УКМКнын ишеним телефону: +996 312 66 04 75 номуруна кайрылууну суранышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-08-02 20:59:00
Вася, Иван, Борялар кандайча КРда улутчулдук кылып калышкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан